Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык Кеңешинин VII-чакырылышындагы депутаттарынын кезектеги сессиясы
2024-жылдын 2-сентябры № 103
Красный-Маяк айылынын тургуну Молдошбаев Сайдилла Анарбаевичтин жеке менчигиндеги 650 м2 сарайдын ичинен 48 м2 жеринин пайдалануу багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Красный-Маяк айылынын тургуну Молдошбаев Сайдилла Анарбаевичтин жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт сериясы Ч № 009948, идентификациялык коду 5-06-06-1003-0013 номери менен 2002-жылдын 9-апрелинде катталган жеринин аймагынан, элди тейлөө үчүн өндүрүштүк багытка өзгөртүүгө берген арызын карап Төрт-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жылалды айылынын тургуну Молдошбаев Сайдилла Анарбаевичтин жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт сериясы Ч № 009948, идентификациялык коду 5-06-06-1003-0013 номери менен 2002-жылдын 9-апрелинде катталган жер тилкесиндеги 650 м2 сарайдын ичинен, 48 м2 жер тилкесин элди тейлөө үчүн өндүрүштүк багытка өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Суралсын “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Өзгөн филиалынан, Өзгөн районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынан, тийиштүү иш кагаздарды даядап берүү жагы.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык Кенешинин айыл, суу чарба, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төраганын орун басары |
| М. Акназаров |