ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык Кеңешинин VII-чакырылышындагы депутаттарынын кезектеги сессиясы
2024-жылдын 2-сентябры № 104
Жылалды айылынын тургуну Азиз кызы Аксананын 1460,0 м2 жер тилкесинин ичинен 100 м2 жер тилкесинин багытын “Турак жай” багытынан “Элди тейлөө” багытына өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Төрт-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VII шайланган) чакырылышындагы кезектеги сессиясынын күн тартибиндеги Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү жеке ишкердикти колдоо, инфраструктураны жакшыртуу, калкка кызмат көрсөтүүнүн жаңы багыттарын сунуштоо максатында Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 12 жана 13-беренелерине таянып, Жылалды айылынын тургуну Азиз кызы Аксананын жеке менчигиндеги идентификациялык коду 5-06-06-1001-0655 жалпы аянты 1460,0 м2 жер тилкесинин ичинен 100 м2 жер тилкесинин багытын “Турак жай” багытынан “Элди тейлөө” багытына өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү жеке ишкердикти колдоо, инфраструктураны жакшыртуу, калкка кызмат көрсөтүүнүн жаңы багыттарын сунуштоо максатында Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 12 жана 13-беренелерине таянып, Жылалды айылынын тургуну Азиз кызы Аксананын жеке менчигиндеги идентификациялык коду 5-06-06-1001-0655 жалпы аянты 1460,0 м2 жер тилкесинин ичинен 100 м2 жер тилкесинин багытын “Турак жай” багытынан “Элди тейлөө” багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Суралсын Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агентигинин Өзгөн районундагы филиалынан жана Өзгөн районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынан, тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы.
Төраганын орун басары |
| М. Акназаров |