Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык Кеңешинин VII-чакырылышындагы депутаттарынын кезектеги сессиясы
2024-жылдын 2-сентябры № 107
Шоро-Башат айылындагы Ормонбек палван көчөсүн асфальтоого акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Шоро-Башат айылындагы Ормонбек палван көчөсүн асфальтоого акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Шоро-Башат айылындагы Ормонбек палван көчөсүн асфальтоого Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы бюджетинен капиталдык ондоо 3111 статьясынан 4 490 794 (төрт миллион төрт жүз токсон миң жети жүз токсон төрт) сом бөлүнүп берилсин.
2. Шоро-Башат айылындагы Ормонбек палван көчөсүн асфальтоо боюнча каралган акча каражаты дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен иш жүзүнө ашкан долбоорду каржылоого өздүк салым катары жумшалары белгиленсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төраганын орун басары |
| М. Акназаров |