Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык Кеңешинин VII-чакырылышындагы депутаттарынын кезектеги сессиясы
2024-жылдын 2-сентябры № 109
Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын III кварталындагы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Төрт-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги сессиясынын күн тартибиндеги Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 102-беренесине ылайык Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын IV кварталындагы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, Төрт-Көл айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын IV кварталындагы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
ЖКХ бөлүмүнүн 3111 беренесинен -2074100 мин сом;
ЖКХ бөлүмүнүн 3112 беренесине +1054100 мин сом;
ЖКХ бөлүмүнүн 2221 беренесине +1000000 мин сом;
Китепкана бөлүмү 2211 беренесине +20000 мин сом;
Орто мектеп бөлүмү 3111 беренесинен - 620000 мин сом;
Орто мектеп бөлүмү 3112 беренесине +120000 мин сом;
ЖКХ бөлүмүнүн 2215 беренесине +500000 мин сом;
2. Ушул токтомду аткарууга алуу жагы ФЭБнүн башчысы У.Бакировго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төраганын орун басары |
| М. Акназаров |