Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык Кеңешинин VII-чакырылышындагы депутаттарынын кезектеги сессиясы
2024-жылдын 2-сентябры № 111
Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын III кварталындагы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Төрт-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги сессиясынын күн тартибиндеги Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 102-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январы № 9 “Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” Мыйзамынын 11-беренесинин 7-пунктуна таянып, Төрт-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин 02-сентябрь 2024-жылдагы №105, Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 17-октябрь 2024-жылдагы №186 токтомдору менен мектепке чейинки билим берүү уюмдарына тамак-аш азыктарын сатып алуу үчүн ата-энелерлер төлөмү 1200 сомдон бекитилген. Бекитилген ата-энелер төлөмү 400 сомго көбөйүп, С.Камбаралиева мектепке чейинки билим берүү уюмуна 20 бала, А.Нарынбаева мектепке чейинки билим берүү уюмуна 20 бала кабыл алынып, Кыймыл айылында Таирбек Тойчубаев атындагы мектепке чейинки билим берүү уюму 2024-жылдын 30-август күнү ачылып, 47 баланы кабыл алып иш баштагандыктан тамак-аш азыктарын сатып алууга 2223200 (эки миллион эки жүз жыйырма үч миң эки жүз) сомго киреше жана чыгашалар бөлүмүнө кошумча план алууга макулдук берүү боюнча ФЭБнүн башчысы У.Бакировдун сунушу боюнча маселени угуп жана талкуулап, Төрт-Көл айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн мектепке чейинки билим берүү уюмдарына тамак-аш азыктарын сатып алуу үчүн киреше жана чыгашалар бөлүмүнө 2223200 (эки миллион эки жүз жыйырма үч миң эки жүз) сомго кошумча план алууга макулдук берилсин.
Бала бакча спец бөлүмүнө 2218 2223,2 сом
2. Ушул тескемени аткарууга алуу жагы ФЭБнүн башчысы У.Бакировго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төраганын орун басары |
| М. Акназаров |