Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык Кеңешинин VII-чакырылышындагы депутаттарынын кезектеги сессиясы
2024-жылдын 2-сентябры № 112
Макаренко айылындагы А. Мураталиев, О. Арзиев, Ж. Макидинов көчөлөрүн асфальтоого акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Макаренко айылындагы А. Мураталиев, О. Арзиев, Ж. Макидинов көчөлөрүн асфальтоого акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Макаренко айылындагы А. Мураталиев, О. Арзиев, Ж. Макидинов көчөлөрүн асфальтоого Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы бюджетинен капиталдык ондоо 3111 статьясынан 3 761 630 (үч миллион жети жүз алтымыш бир миң алты жүз отуз) сом бөлүнүп берилсин.
2. Макаренко айылындагы А. Мураталиев, О. Арзиев, Ж. Макидинов көчөлөрүн асфальтоо боюнча каралган акча каражаты дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен иш жүзүнө ашкан долбоорду каржылоого өздүк салым катары жумшалары белгиленсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төраганын орун басары |
| М. Акназаров |