Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 4-июну № 109
"Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 22-октябры, № 109) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
27-берене төмөнкүдөй мазмундагы 27-пункт менен толукталсын:
"27) социалдык биримдикти чыңдоого жана коомдогу социалдык чыңалуунун алдын алууга багытталган иш-чараларды уюштуруу жана жүзөгө ашыруу.
Бул беренеде социалдык биримдик деп анын мүчөлөрүнүн ортосунда өз ара ишеним жана урмат-сый сакталган, ошондой эле ар түрдүү социалдык, маданий жана этностук топтордун ортосундагы өз ара аракеттенүү жана өз ара түшүнүшүү камсыз кылынган коомдун абалы түшүнүлөт.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин жана ушул Мыйзамдан келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 6-июнундагы № 41 (3697) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |