Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык Кеңешинин VII-чакырылышындагы депутаттарынын кезектеги сессиясы
2024-жылдын 2-сентябры № 116
Төлөнбеков Жоодарбек Маданбековичтин жеке менчигиндеги 1000 м2 жер тилкесинин пайдалануу багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Шоро-Башат айылынын тургуну Төлөнбеков Жоодарбек Маданбековичтин жазаган арызын карап, жеке менчигиндеги 1000 м2 жер тилкесинин пайдалануу багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндөгү маселени таклуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төлөнбеков Жоодарбек Маданбековичтин жеке менчигиндеги мамлекеттик актысы Ч № 1184762, 2023-жылдын 28-декабрында түзүлгөн, идентификациялык номери 5-06-17-1002-0737, 1000 м2 жер тилкесинин пайдалануу багытын калкты тейлөө, кызмат көрсөтүүгө өзгөртүү киргизүүгө макулдук берилсин.
2. Суралсын Өзгөн районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынан, “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Өзгөн филиалынан тийиштүү иш кагаздарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төраганын орун басары |
| М. Акназаров |