Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык Кеңешинин VII-чакырылышындагы депутаттарынын кезектеги сессиясы
2024-жылдын 2-сентябры № 117
“АБМ Эстейт” ЖЧК менчигиндеги 2400 м2 жер тилкесинин пайдалануу багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
“АБМ Эстейт” ЖЧКнын өкүлү Ашимов Эрланбек Абдраимовичтин берген арызын карап, менчигиндеги 2400 м2 жер тилкесинин пайдалануу багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндөгү маселени таклуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “АБМ Эстейт” ЖЧКнын, Төрт-Көл айыл аймагынын, Ана-Кызыл айылында менчигинде тургун, мамлекеттик актысы Ч № 973485, 2021-жылдын 15-февралында түзүлгөн, идентификациялык номери 5-06-17-0007-0299, 2400 м2 жер тилкесинин пайдалануу багытын калкты тейлөө, кызмат көрсөтүүгө өзгөртүү киргизүүгө макулдук берилсин.
2. Суралсын Өзгөн районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынан, “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Өзгөн филиалынан тийиштүү иш кагаздарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төраганын орун басары |
| М. Акназаров |