Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык Кеңешинин VII-чакырылышындагы депутаттарынын кезектеги сессиясы
2024-жылдын 2-сентябры № 118
Прогресс айылынын тургуну Кожомбердиев Орозбайдын таза суу кампасына иштеткен курулуш материалдарына акча каражатын берүү жөнүндө
Кожомбердиев Орозбайдын Прогресс айылындагы таза суу кампасынын чатырын жабуу үчүн иштеткен курулуш материалдарына акча каражатын төлөп берүү жөнүндө жазаган арызын карап, таклуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кожомбердиев Орозбайдын Прогресс айылындагы таза суу кампасынын чатырын жабуу үчүн курулуш материалдарына иштеткен 60000 (алтымыш миң) сом акча каражаты айыл өкмөттүн бюджетинен төлөнүп берилери сунушталсын.
2. Таза суу кампасынын чатырын жабуу үчүн курулуш материалдарына иштетилген 60000 (алтымыш миң) сом акча каражатын төлөө үчүн тийиштүү иш кагаздарды даярдоо жагы Прогресс айылынын айыл башчысына жана Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төраганын орун басары |
| М. Акназаров |