Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык Кеңешинин VII-чакырылышындагы депутаттарынын кезектеги сессиясы
2024-жылдын 2-сентябры № 119
“Муниципалдык менчик объектилерин пайдаланууга жана ижарага берүү тартиби жөнүндө” жобосун” иштеп чыгуу жана тандалып алынган бизнес-өнөктөштөргө ижарага берүү жөнүндө
Муниципалдык менчикти сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу максатында “Муниципалдык менчикжөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине ылайык, Төрт-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мамлекеттик агентигинин 2022-жылдын 28-июлундагы № 189 буйругу менен бекитилген “Муниципалдык менчик объектилерин пайдаланууга жана ижарага берүү тартиби жөнүндө” типтүү жобосуна ылайык Төрт-Көл айыл аймагы боюнча “Муниципалдык менчик объектилерин пайдаланууга жана ижарага берүү тартиби жөнүндө” жобосу иштелип чыксын.
2. “Муниципалдык менчик объектилерин пайдаланууга жана ижарага берүү тартиби жөнүндө” иштелип чыккан жобого ылайык, “CASA -1000 жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоору үчүн кошумча каржылоо” долбоорунун милдеттерин аткаруунун алкагында, айыл өкмөтүнүн башчысы Жолдошов Алмазбек Маматибраимович ушул токтомдун тиркемесине ылайык, муниципалдык мүлктү бизнес-өнөктөш Маматов Канатбек Рыскуловичке “ Макаренко айылында күрүч таңгактоочу ЕКО Өзгөн ишканасына жабдууларды сатып алуу” тандалып алынган экономикалык ири долбоорун ишке ишке ашыруу үчүн ижарага берсин.
3. Айыл өкмөтүнүн башчысы Жолдошов Алмазбек Маматибраимович белгиленген тартипте муниципалдык менчикти ижарага берүү жөнүндө келишим түзсүн жана мүлктү кабыл алуу актынын негизинде өткөрүп берсин.
4. Бизнес-өнөктөш Маматов Канатбек Рыскулович:
- өткөрүп берүү-кабыл алуу актысында көрсөтүлгөндөрдү белгиленген тартипте ижарага кабыл алсын;
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстар кызматынын алдындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинде жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик каттоо кызматына караштуу “Унаа” мамлекеттик мекемесинде кабыл алуу-өткөрүп берүү актында көрсөтүлгөн имаратты, курулманы жана кыймылдуу мүлктү ижарага алуу келишимин белгиленген тартипте каттоодон өткөрсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык кеңешинин регламент, мыйзамдуулук, адам укугун коргоо, депутаттык этика, коомдук уюмдар менен байланыш маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төраганын орун басары |
| М. Акназаров |