Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык Кеңешинин VII-чакырылышындагы депутаттарынын кезектеги сессиясы
2024-жылдын 2-сентябры № 120
Макаренко айылына бала бакча жана башка социалдык объектилерди куруу үчүн жер тилкесин муниципалдык менчикке алуу жөнүндө
Макаренко айылына бала бакча куруу үчүн жер тилкесин муниципалдык менчике алуу жөнүндө айыл башчы Т. Анарбаевдин берген билдирүүсүн угуп жана “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын 2022-жылдын 8-февралындагы № 01-8/5-06-17/41 маалыматын карап, Төрт-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Макаренко айылына бала бакча жана башка социалдык объектилерди куруу үчүн № 457 контурдагы 2,4 гектар жана № 468 контурдагы 2,0 гектар, жалпысынан 4,40 гектар калктуу конуштагы жер тилкеси муниципалдык менчикке алынсын.
2. Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн башкы адиси Д. Сулаймановго Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана башка ченемдик укуктук актыларында каралган талаптар боюнча иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Суралсын Өзгөн районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынан, “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Өзгөн филиалынан тийиштүү иш кагаздарды даярдап берүү жагы.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төраганын орун басары |
| М. Акназаров |