Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII-чакырылыштагы депутаттарынын биринчи сессиясы
2024-жылдын 29-ноябры № 1
Төрт-Көл айылдык кеңешинин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө
Эсептөө комиссиясынын 2024-жылдын 29-ноябрындагы № 3 протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрдагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген Типтүү регламентин жетекчиликке алып Төрт-Көл айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Эсептөө комиссиясынын Төрт-Көл айылдык кеңешинин төрагасын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын 29-ноябрындагы № 3 протоколу бекитилсин.
2. Тажибаев Максатбек Тургунбаевич Төрт-Көл айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайлангандыгы бекитилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага |
| М. Акназаров |
Төрт-Көл айылдык кенешинин төрагасын шайлоо боюнча Эсептөө комиссиясынын № 3-протоколу
2024-жылдын 29-ноябры Жылалды айылы
Катышышты: эсептөө комиссиясынын төрагасы Б. Убукеев, эсептөө комиссиясынын катчысы Ж. Көчкөнбаева, эсертөө комиссиясынын мүчөлөрү – А. Асылбекова
Күн тартиби:
1. Төрт-Көл айылдык кенешинин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө.
Эсептөө комиссиясынын төрагасы күн тартибиндеги, Төрт-Көл айылдык кенешинин төрагасын шайлоо, добуш берүүнүн тартиби, бекитилген шайлоо бюллетенинин формасы менен тааныштырды.
Төрт-Көл айылдык кенешинин төрагасынын кызматына төмөндөгү талапкерлер сунушталган:
1. Тажибаев Максатбек Тургунбаевич
2. Болотов Талгат Каримович
Төрт-Көл айылдык кенешинин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы боюнча, эсептөө комиссиясы аныктады:
1. Төрт-Көл айылдык кенешинин депутаттарынын жалпы саны: 31 (отуз бир).
2.Даярдалган шайлоо бюллетендеринин саны: 31 (отуз бир).
3.Добуш берүүгө катышышкан депутаттардын саны: 30 (отуз).
4.Депутаттарга берилген шайлоо бюллетендердин саны 30 (отуз).
5. Пайдаланылбаган шайлоо бюллетендердин саны: 1(бир).
6. Добуш берүү үчүн учурунда чыгарылган шайлоо бюллетендердин саны 31 (отуз бир).
7. Жарактуу шайлоо бюллетендердин саны 30 (отуз).
8.Жараксыз шайлоо бюллетендердин саны 0 (жок).
Талапкерлердин пайдасына берилген добуштардын саны
1. Тажибаев Максатбек Тургунбаевич – 22 (жыйырма эки) добуш.
2. Болотов Талгат Каримович – 8 (сегиз) добуш.
Төрт-Көл айылдык кенешинин төрагасынын кызматына ар бир талапкер боюнча шайлоонун жыйынтыгы аныкталды, ушуга ылайык эсептөө комиссиясы чечти:
1. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Тажибаев Максатбек Тургунбаевич депутаттардын көпчүлүк добушун алгандыктан Төрт-Көл айылдык кенешинин төрагасы болуп шайлангандыгы таанылсын.
2. Бул протокол Төрт-Көл айылдык кенешинин сессиясына бекитүү үчүн жиберилсин.
Эсептөө комиссиясынын төрагасы Б. Убукеев
Эсептөө комиссиясынын катчысы Ж. Көчкөнбаева