Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII-чакырылыштагы депутаттарынын биринчи сессиясы
2024-жылдын 29-ноябры № 2
Төрт-Көл айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарларын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө
Эсептөө комиссиясынын 2024-жылдын 29-ноябрындагы № 3/1 протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрдагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген Типтүү регламентин жетекчиликке алып Төрт-Көл айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Эсептөө комиссиясынын Төрт-Көл айылдык кеңешинин орун басарларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын 29-ноябрындагы № 3/1 протоколу бекитилсин.
2. Акназаров Маматибраим, Канботоева Айсулуу Борубаевна Төрт-Көл айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарлары болуп шайлангандыгы бекитилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага |
| М. Тажибаев |
Төрт-Көл айылдык кенешинин төрагасынын орун басарларын шайлоо боюнча Эсептөө комиссиясынын № 3/1-протоколу
2024-жылдын 29-ноябры Жылалды айылы
Катышышты: эсептөө комиссиясынын төрагасы Б. Убукеев, эсептөө комиссиясынын катчысы Ж. Көчкөнбаева, эсертөө комиссиясынын мүчөлөрү – А. Асылбекова
Күн тартиби:
Төрт-Көл айылдык кенешинин төрагасынын орун басарларын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө.
Эсептөө комиссиясынын төрагасы күн тартибиндеги, Төрт-Көл айылдык кенешинин төрагасынын орун басарларын шайлоо, добуш берүүнүн тартиби, бекитилген шайлоо бюллетенинин формасы менен тааныштырды.
Төрт-Көл айылдык төрагасынын орун басарлары кызматына төмөндөгү талапкерлер сунушталган:
1. Акназаров Маматибраим
2. Канботоева Айсулуу Борубаевна
Төрт-Көл айылдык кенешинин төрагасынын орун басарларын шайлоонун жыйынтыгы боюнча, эсептөө комиссиясы аныктады:
1. Төрт-Көл айылдык кенешинин депутаттарынын жалпы саны: 31 (отуз бир).
2.Даярдалган шайлоо бюллетендеринин саны: 31 (отуз бир).
3.Добуш берүүгө катышышкан депутаттардын саны 30 ( отуз).
4.Депутаттарга берилген шайлоо бюллетендердин саны 30 ( отуз).
5. Пайдаланылбаган шайлоо бюллетендердин саны 1 (бир).
6. Добуш берүү үчүн учурунда чыгарылган шайлоо бюллетендердин саны 31 (отуз бир).
7. Жарактуу шайлоо бюллетендердин саны 30 ( отуз).
8.Жараксыз шайлоо бюллетендердин саны 0 (жок).
Талапкерлердин пайдасына берилген добуштардын саны:
1. Акназаров Маматибраим - 29 (жыйырма тогуз) добуш.
2. Канботоева Айсулуу Борубаевна - 29 (жыйырма тогуз) добуш.
Талапкерге каршы берилген добуштардын саны:
1. Акназаров Маматибраим - 1 (бир) добуш.
2. Канботоева Айсулуу Борубаевна - 1 (бир) добуш.
Төрт-Көл айылдык кенешинин төрагасынын орун басарлары кызматына ар бир талапкер боюнча шайлоонун жыйынтыгы аныкталды, ушуга ылайык эсептөө комиссиясы чечти:
1. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Акназаров Маматибраим, Канботоева Айсулуу Борубаевна депутаттардын көпчүлүк добуштарын алышкандыктан Төрт-Көл айылдык кенешинин төрагасынын орун басарлары болуп шайлангандыгы таанылсын.
2. Бул протокол Төрт-Көл айылдык кенешинин сессиясына бекитүү үчүн жиберилсин.
Эсептөө комиссиясынын төрагасы Б. Убукеев Эсептөө комиссиясынын катчысы Ж. Көчкөнбаева