Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII-чакырылышындагы депутаттарынын
кезектеги экинчи сессиясы
2024-жылдын 23-декабры № 9
Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин ижара акысынын бааларын белгилөө жөнүндө
Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин 2025-жылга карата ижара акысынын бааларын белгилөө жөнүндө башкы адис Д. Сулаймановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин 2025-жылга карата ижара акысы төмөндөгүдөй баада белгиленсин:
- 1 гектар сугат айдоо 10 000 (он миң) сом;
- 1 гектар шалы 15 000 (он беш миң) сом;
- 1 гектар кайрак айдоо 2 000 (эки миң) сом;
- 1 гектар чөп ормо 1500 (бир миң беш жүз) сом;
- 1 гектар көп жылдык бак 2500 (эки миң беш) сом.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер, дин иштери, гендер жана жаштар саясаты, спорт маселелери боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага |
| М. Тажибаев |