Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 5-июну № 178
2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө
Кыргыз Республикасын андан ары динамикалуу жана комплекстүү өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
– алты айлык мөөнөттө 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыксын жана кабыл алсын;
– ушул Жарлыктан келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, сот бийлигинин органдарына, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өздөрүнүн стратегиялык документтерин (концепцияларын, стратегияларын, программаларын) жана иш-чаралар пландарын 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасына ылайык келтирүү сунушталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгы 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасынын аткарылышына туруктуу негизде мониторинг жүргүзүп турсун.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
– 2026-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 “2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө” Жарлыгы;
– Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 30-июлундагы № 210 “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 “2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Жарлыгы.
6. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
7. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 6-июнундагы № 41 (3697) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |