Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кенешинин VIII чакырылышынын уюштуруу сессиясы
2024-жылдын 30-ноябры № 2
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу
Эсептөө комиссиясынын № 3/1 протоколу, Эсептөө комиссиясынын төрагасы Усенов Байамандын маалыматын угуп, “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56 буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алып, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Октябрь айыл аймагынынайылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө Эсептөө комиссиясынын 2024-жылдын 30-ноябрындагы № 3/1 протоколу бекитилсин.
2.Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңеши Токтомуратова Гүльпери Абдылдаевна шайланган төрагасынын орун басары деп таанылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага |
| К. С. Мусаев |