Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II отуруму
2024-жылдын 7-декабры № 7
2025-жылга карата мамлекеттик дем берүүчү грантка кошумча
жергиликтүү бюджеттен (өздүк салым) акча каражаттын бөлүүгө
макулдук берүүжөнүндө
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Амирбековдун 2025-жылга карата мамлекеттик дем берүүчү грантка социалдык обьектерге, асфальт төшөөгө кошумча жергиликтүү бюджеттен (өздүк салым) Алга айылына 500,0 (беш жүз миң) сом, Кызыл-Октябрь айылына 500,0 (беш жүз миң) сом жана Кызыл-Сеңир айылына 500,0 (беш жүз миң) сом, Жалпысы: 1500,0 (бир миллион беш жүз миң) сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө маалыматын угуп, таркатылып берилген материалдар менен таанышып талкуулап чыгып,Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2025-жылга карата мамлекеттик дем берүүчү грантка асфальт төшөөгө кошумча жергиликтүү бюджеттен (өздүк салым) Алга айылына 500,0 (беш жүз миң) сом, Кызыл-Октябрь айылына 500,0 (беш жүз миң) сом жана Кызыл-Сеңир айылына 500,0 (беш жүз миң) сом, Жалпысы: 1500,0 (бир миллион беш жүз миң) сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Токтомду мыйзамдын талаптарына ылайык аткаруу жагыайыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Амирбековго милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештинфинансы, экономикалык маселелер, инвестиция тартуу жана ишкердик иштер боюнча туруктуу комиссиясына төрагасы ( Б. Усеновго) жуктөлсүн.
Төрага |
| К. С. Мусаев |