Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II отуруму
2024-жылдын 7-декабры № 8
Лесхоз айылындагы О. Максутов атындагы № 97 башталгыч мектептин айланасындагы теректерди кыйууга макулдук берүү жөнүндө
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Амирбековдун Лесхоз айылындагы О. Максутов атындагы башталгыч мектептин айланасындагы теректердин терек ооруусу пайда болуп кургагандыгына байланыштуу, мектеп окуучуларынын коопсуздугун сактоо максатында, кыйууга макулдук берүү жөнүндө сунушун угуп, О. Максутов атындагы № 97 башталгыч мектебинин баштапкы профсоюз уюмунун 2024-жылдын 18-ноябрындагы № 3 жалпы чогулушунун материалдары менен таанышып талкуулап чыгып,Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Лесхоз айылындагы О. Максутов атындагы № 97 башталгыч мектептин айланасындагы теректердимектеп окуучуларынын коопсуздугун сактоо максатында, тийиштүү мекеме уюмдардан иш кагаздарын алуу менен кыйууга макулдук берилсин.
2.Токтомду мыйзамдын талаптарына ылайык аткаруу жагыайыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Амирбековго милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештинайыл, суу чарба, турак жай жана өнөр жай, курулуш, жерге жайгаштыруу, архитектура, жол транспорт, энергетика коммуникациялар, тазалык жана экология боюнча туруктуу комиссиясына төрагасы ( А. Шадмановго) жуктөлсүн.
Төрага |
| К. С. Мусаев |