Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II отуруму
2024-жылдын 7-декабры № 11
Жер аянтын бекитип берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Амирбековдун Кызыл-Сеңир айылындагы Сеңир жана Тогузунчу айылдарынын социалдык инфраструктурасын жакшыртуу максатында, башкы планда белгиленген бала бакча үчүн бөлүнгөн (60-орундуу) 2345м2 жер аянтын бекитип берүү жөнүндө маалыматын угуп, таркатылып берилген материалдар менен таанышып талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесине таянып, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Сеңир айылындагы Сеңир жана Тогузунчу айылдарынын социалдык инфраструктурасын жакшыртуу максатында, башкы планда белгиленгенбала бакча үчүн бөлүнгөн (60-орундуу) 2345м2 жер аянтын бекитүүгө макулдук берилсин.
2.Токтомду мыйзамдын талаптарына ылайык аткаруу жагы айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Амирбековго милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, турак жай жана өнөр жай, курулуш, жерге жайгаштыруу, архитектура, жол-транспорт, энергетика коммуникациялар, тазалык жана экология боюнча туруктуу комиссиясына төрагасы (А. Шадмановго) жүктөлсүн.
Төрага |
| К. С. Мусаев |