Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 4-июну № 111
Нотариалдык иштин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 1, 1-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 85-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Жашы жетпеген балдарды багууга алимент өндүрүп алуу жөнүндө талаптар аталыкты (энеликти) аныктоого, талашууга же үчүнчү жактарды тартуу зарылдыгы менен байланышпаган учурда аларды багууга каражаттар (алименттер) ата-энесинен (алардын биринен) талашсыз тартипте нотариалдык буйруктун негизинде өндүрүп алынат.";
2) 86-статьяда:
а) аталышында "сот тартибинде" деген сөздөр алып салынсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5. Нотариалдык буйрук тартибинде жашы жетпеген балдарга өндүрүп алынуучу алименттин өлчөмү ушул статьянын 1-пунктуна ылайык аныкталат.";
3) 111-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"111-статья. Алимент өндүрүп алуу
1. Алимент төлөө жөнүндө макулдашуу жок болгондо ушул Кодекстин 85-104-статьяларында көрсөтүлгөн үй-бүлө мүчөлөрү алимент өндүрүп алуу жөнүндө талап менен сотко кайрылууга укуктуу.
2. Аталыкты (энеликти) аныктоо, талашуу же үчүнчү жактарды тартуу зарылдыгы менен байланышпаган талаптар боюнча жашы жетпеген балдарды багууга алимент өндүрүп алуу нотариалдык иш чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган тартипте жүзөгө ашырылат.";
4) 112-статьяда:
а) 1-пункт "сотко" деген сөздөн кийин "же нотариуска" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Алимент сотко же нотариуска кайрылган учурдан тартып берилет.
Эгерде сотко же нотариуска кайрылганга чейин багууга каражат алуу чаралары көрүлүп, бирок алимент төлөөгө милдеттүү болгон адам аны төлөөдөн качкандыктан улам алимент алынбай калгандыгы аныкталса, өткөн мезгил үчүн алимент сотко же нотариуска кайрылган учурдан тартып үч жылдык мөөнөттүн аралыгында өндүрүп алынышы мүмкүн.";
5) 114-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"114-статья. Уюмдун администрациясынын алиментти кармап калуу милдети
1. Алимент төлөөгө милдеттүү болгон адамдын иштеген жери боюнча уюмдун администрациясы алимент төлөө жөнүндө нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдашуунун, алимент төлөөчүнүн жазуу жүзүндөгү арызынын, нотариалдык буйруктун же аткаруу баракчасынын негизинде алимент төлөөгө милдеттүү болгон адамдын эмгек акысынан жана (же) башка кирешесинен ай сайын алимент кармап калууга жана алимент төлөөгө милдеттүү болгон адамдын эсебинен алимент алуучу адамдын эсебине алимент төлөөгө милдеттүү болгон адамдын эмгек акысы жана (же) башка кирешеси төлөп берилген күндөн тартып үч күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен төлөөгө же которууга милдеттүү.
2. Жашы жете элек балдарга төлөөдө алимент төлөөчү адамдын арызынын негизинде алиментти кармап калуу, эгерде мындай арыздын жана аткаруучу документтердин негизинде кармап калуулардын жалпы суммасы алимент төлөөгө милдеттүү болгон адамдын иштеп тапканынын жана (же) башка кирешесинин элүү пайызынан ашкан, бирок жетимиш пайыздан ашпаган учурда алиментти кармоо жүргүзүлүшү мүмкүн.";
6) 116-статьянын 1-пункту "соттун чечиминин" деген сөздөрдөн кийин ", нотариалдык буйруктун" деген сөздөр менен толукталсын;
7) 117-статьянын 1-пунктунун биринчи сүйлөмү "Алимент өндүрүү жөнүндө макулдашууда" деген сөздөрдөн кийин ", нотариалдык буйрукта" деген сөздөр менен толукталсын;
8) 125-статья төмөнкүдөй мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:
"21. Нотариалдык буйрук тартибинде өндүрүп алынуучу алимент төлөө төмөнкүдөй учурларда токтотулат:
бала бойго жеткенде же жашы жетпеген балдар бойго жеткенге чейин эле аракетке толук жөндөмдүү болуп жетилген учурда;
багууга алимент өндүрүлгөн баланы (кызды) асырап алганда;
алимент алуучу адам же алимент төлөөгө милдеттүү болгон адам өлгөндө.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2025-жылдын 28-январы, № 6) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
242-берене төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"5. Эсептелген, бирок төлөнбөгөн эмгек акыны өндүрүп алуу нотариалдык иш чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган тартипте жүзөгө ашырылат.".
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (2), 14-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 246-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"246-берене. Соттун буйругу берилүүчү талаптар
Карызкордон акчалай суммаларды өндүрүп алуу же кыймылдуу мүлктү талап кылуу жөнүндө талаптар боюнча соттун буйругу төмөнкүдөй учурларда чыгарылат, эгерде:
1) жоопкерди же карызкорду жана анын мүлкүн, ошондой эле карызкордон соттун чечими боюнча тартып алынган баланы издөө боюнча чыгымдарды өндүрүп алуу жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан талап билдирилсе;
2) соттун чечими боюнча мыйзамда каралган төлөмдөр төлөнгөн кызматкердин эмгек укуктарын бузган жактын эмгек акысынан ап келтирген зыяндын суммасын кармап калуу жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан же болбосо менчигинин укугуна карабастан юридикалык жактан талап билдирилсе;
3) турак жай-коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө жана электр байланышынын кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө боюнча карызды өндүрүп алуу жөнүндө талап билдирилсе.";
2) 251-берененин 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 252-берененин 1-бөлүгүндө "1, 2, 4-8-пункттарында көрсөтүлгөн талаптар боюнча" деген сөздөр "1 жана 3-пункттарында көрсөтүлгөн талаптар боюнча" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 253-берененин 2-бөлүгүндө "1, 2, 4-8-пункттарында аталган талаптар боюнча" деген сөздөр "1 жана 3-пункттарында көрсөтүлгөн талаптар боюнча" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 254-берененин 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
4-берене.
Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 7-8, 490-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
141-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 19 жана 20-пункттар менен толукталсын:
"19) жарандар - жашы жете элек балдарга алимент өндүрүп алуу жөнүндө аталыкты аныктоо, аталыкты (энеликти) талашуу же үчүнчү жактарды тартуу зарылдыгы менен байланышпаган талаптар боюнча;
20) жарандар - кызматкерге эсептелген, бирок төлөнбөгөн эмгек акыны өндүрүп алуу жөнүндө талаптар боюнча.".
5-берене.
"Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (2), 15-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 17-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 81-пункт менен толукталсын:
"81) нотариалдык буйруктар;";
2) 18-беренеде:
а) 2-бөлүк "аткаруу барактарында" деген сөздөрдөн кийин ", нотариалдык буйруктарда" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 5-бөлүктүн экинчи жана үчүнчү сүйлөмдөрү алып салынсын;
в) төмөнкүдөй мазмундагы 51-бөлүк менен толукталсын:
"51. Нотариалдык буйруктун мазмуну "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аныкталат. Алимент төлөө жөнүндө нотариалдык ырасталган макулдашуунун мазмуну Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодекси менен аныкталат. Көрсөтүлгөн аткаруу документтерине аларды кабыл алган же ырастаган адамдар кол коет жана гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүлөт.".
6-берене.
"Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2023-жылдын 14-марты, № 19) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 39-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 26-пункт менен толукталсын:
"26) нотариалдык буйруктарды чыгарат.";
2) 44-берене "95" деген цифралардан кийин ", 1002" деген цифралар менен толукталсын;
3) төмөнкүдөй мазмундагы 151-глава менен толукталсын:
"151-глава. Буйрук өндүрүшү
1001-берене. Нотариалдык буйрук
1. Нотариалдык буйрук - ушул Мыйзамдын 1002-беренесинде каралган талаптар боюнча өндүрүп алуучунун арызы боюнча нотариус жеке өзү чыгарган токтом.
2. Нотариалдык буйрук бир эле убакта аткаруу документи болуп саналат жана аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарга ылайык аткарылат.
1002-берене. Нотариалдык буйрук берилүүчү талаптар
Карызкордон акчалай суммаларды өндүрүп алуу же кыймылдуу мүлктү талап кылуу жөнүндө талаптар боюнча нотариалдык буйрук төмөнкү учурларда чыгарылат, эгерде:
1) талап нотариалдык күбөлөндүрүлгөн бүтүмгө негизделсе;
2) талап жөнөкөй жазуу жүзүндө жасалган бүтүмгө негизделсе;
3) талап векселдин төлөнбөгөндүгүнө, акцепт болбогондугуна жана акцептке датасы коюлбагандыгына нотариус тарабынан жасалган протест негизделсе;
4) жашы жете элек балдарга аталыкты аныктоо, аталыкты (энеликти) талашуу же үчүнчү жактарды тартуу зарылдыгы менен байланышпаган алимент өндүрүп алуу жөнүндө талаптар билдирилсе;
5) салыктарды, камсыздандыруу төгүмдөрүн кошпогондо, милдеттүү төлөмдөр боюнча үстөк айыпты эсепке албастан карыздарды өндүрүп алуу жөнүндө талап билдирилсе;
6) кызматкерге эсептелген, бирок төлөнбөгөн эмгек акыны өндүрүп алуу жөнүндө талап билдирилсе.
1003-берене. Арыз берүү
1. Нотариалдык буйрук чыгаруу жөнүндө арыз карызкордун жашаган же турган жери боюнча нотариуска берилет. Алимент өндүрүп алуу жөнүндө арыз ушул мыйзамдын 1002-беренесинин 4-пунктуна ылайык арыз ээсинин жашаган жери боюнча да берилиши мүмкүн.
2. Нотариалдык буйрукту чыгаруу жөнүндө арызга ушул Мыйзамдын 29-беренесинде белгиленген тартипте мамлекеттик алым төлөнөт.
1004-берене. Арыздын формасы жана мазмуну
1. Арыз жазуу жүзүндө машинада басылган текст түрүндө берилет.
2. Арызда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
1) арыз берилүүчү нотариустун фамилиясы, аты, атасынын аты;
2) өндүрүп алуучу - юридикалык жактын аталышы, анын жайгашкан жери, салык төлөөчүнүн идентификациялык номери, юридикалык дареги жана банктык реквизиттери же өндүрүп алуучу - жеке жактын фамилиясы, аты, атасынын аты жана жеке идентификациялык номери, анын жашаган жери, туулган датасы жана жери, жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон өткөн датасы жана жери, эгерде бар болсо - телефон, факс номери, электрондук почтасынын дареги;
3) карызкор - юридикалык жактын аталышы, анын жайгашкан жери, салык төлөөчүнүн идентификациялык номери, юридикалык дареги жана банктык реквизиттери же карызкор - жеке жактын фамилиясы, аты, атасынын аты жана жеке идентификациялык номери, анын жашаган жери, туулган датасы жана жери, иштеген жери, жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон өткөн датасы жана жери, эгерде бар болсо - телефон, факс номери, электрондук почтасынын дареги;
4) өндүрүп алуучунун талабы жана ал негизделген милдеттенмелер;
5) талаптын негиздүүлүгүн тастыктоочу документтер;
6) арыздын көчүрмөсү карызкорго жөнөтүлгөндүгүнүн далили;
7) тиркелген документтердин тизмеги.
3. Кыймылдуу мүлк талап кылынган учурда арызда бул мүлктүн ордуна кабыл алууга арыз ээси макул болгон акчалай сумманы көрсөтүү зарыл.
4. Арызга өндүрүп алуучу же анын өкүлү кол коёт. Өкүл бере турган арызга анын ыйгарым укугун күбөлөндүргөн документ тиркелүүгө тийиш. Юридикалык жактын жетекчисинин колу мөөр менен күбөлөндүрүлөт.
1005-берене. Нотариалдык буйрук берүү жөнүндө арызды кабыл алуудан баш тартууга негиздер
1. Нотариалдык буйрук берүү жөнүндө арызды кабыл алуудан нотариус баш тартат, эгерде:
1) ушул Мыйзамдын 1003 жана 1004-беренелеринде каралган талаптар сакталбаса;
2) билдирилген талап ушул Мыйзамдын 1002-беренесинде каралбаса;
3) билдирилген талапты тастыктоочу документтер берилбесе;
4) документтерден укук жөнүндө талаш-тартыштын бар экендиги билинсе;
5) мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, билдирилген талапка мамлекеттик алым төлөнбөсө.
2. Нотариус арыз келип түшкөн күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө арызды кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн токтом чыгарат, ал сотто даттанылышы мүмкүн.
3. Нотариалдык буйрук берүү жөнүндө арызды кабыл алуудан баш тартуу өндүрүп алуучунун ошол эле талап боюнча доо өндүрүшү тартибинде сотко доо коюу мүмкүнчүлүгүнө тоскоолдук кылбайт.
4. Арызды кабыл алуудан баш тартканда мамлекеттик алым жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте өндүрүп алуучу төлөгөн мамлекеттик алым кайтарып берилет, же болбосо сотко кайрылганда өндүрүп алуучунун арызы боюнча эсепке алынат.
1006-берене. Нотариалдык буйрукту чыгаруунун тартиби
1. Билдирилген талаптын маңызы боюнча нотариалдык буйрук нотариуска арыз келип түшкөн күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө чыгарылат.
2. Нотариалдык буйрук тараптарды чакырбастан чыгарылат.
1007-берене. Нотариалдык буйруктун мазмуну
1. Нотариалдык буйрукта төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) буйрук өндүрүшүнүн номери жана буйрук чыккан дата;
2) буйрукту чыгарган нотариустун фамилиясы, аты жана атасынын аты;
3) ушул Мыйзамдын 1004-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган өндүрүп алуучу жөнүндө маалыматтар;
4) ушул Мыйзамдын 1004-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунда каралган карызкор жөнүндө маалыматтар;
5) талапты канааттандырууга негиз берген мыйзам же башка ченемдик укуктук акт;
6) өндүрүлүүгө тийиш болгон акчалай сумманын өлчөмү же талап кылынууга тийиш болгон кыймылдуу мүлктү анын наркын көрсөтүү менен белгилөө;
7) үстөктүн өлчөмү, эгерде аны өндүрүп алуу мыйзамда же келишимде каралса;
8) өндүрүп алуучунун же тиешелүү бюджеттин пайдасына карызкордон өндүрүп алынууга тийиш мамлекеттик алымдын суммасы;
9) билдирилген талапка каршы пикир берүүнүн мөөнөтү жана тартиби.
2. Жашы жете элек балдарга алимент өндүрүп алуу жөнүндө нотариалдык буйрукта ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-5 жана 8-пункттарында көрсөтүлгөн маалыматтардан тышкары, багуу үчүн алимент ыйгарылган ар бир баланын фамилиясы, аты, атасынын аты жана туулган датасы; карызкордон ай сайын өндүрүлүүчү төлөмдөрдүн өлчөмдөрү, аларды өндүрүп алуунун мөөнөтү жана алимент өндүрүлүүгө тийиш болгон дата көрсөтүлөт.
3. Нотариалдык буйрукка нотариус кол коет жана белгиленген үлгүдөгү гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүлөт.
1008-берене. Карызкорго нотариалдык буйруктун көчүрмөсүн жөнөтүү
1. Ушул Мыйзамдын 1002-беренесинин 1, 2, 4-6-пункттарында көрсөтүлгөн талаптар боюнча нотариалдык буйрук чыгарылгандан кийин нотариус кийинки күндөн кечиктирбестен анын көчүрмөсүн карызкорго тапшырылгандыгы жөнүндө кабарлоо менен жөнөтөт.
2. Карызкор нотариалдык буйруктун көчүрмөсүн алган күндөн тартып он күндүк мөөнөттө билдирилген талапка өзүнүн каршы пикирин анын нотариуска келип түшүүсүн камсыз кылуучу кандай болбосун байланыш каражаттарын пайдалануу менен жөнөтүүгө укуктуу.
1009-берене. Нотариалдык буйрукту жокко чыгаруу
1. Нотариалдык буйрукту жокко чыгаруу жөнүндө карызкордун каршы пикирлери ал нотариуска келип түшкөн күндөн тартып үч күндүн ичинде каралат.
2. Эгерде карызкор өзүнүн каршы пикирлеринде укук жөнүндө талаш-тартыштын бар экендиги же буйрук чыгарууга тоскоолдук кылган башка жагдайлар жөнүндө билдирсе, нотариус ушул Мыйзамдын 1002-беренесинин 1, 2, 4-6-пункттарында көрсөтүлгөн талаптар боюнча чыгарылган нотариалдык буйрукту жокко чыгарат, бул жөнүндө токтом чыгарылат. Нотариалдык буйрукту жокко чыгаруу жөнүндө токтомдо нотариус өндүрүп алуучуга билдирилген талап доо өндүрүшү тартибинде сотко берилиши мүмкүн экендиги жөнүндө түшүндүрөт. Нотариалдык буйрукту жокко чыгаруу жөнүндө токтомдун көчүрмөлөрү буйрук өндүрүшүнүн тараптарына ал чыгарылгандан кийин үч күндөн кечиктирбестен жөнөтүлөт.
3. Нотариалдык буйрук жокко чыгарылганда мамлекеттик алым жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте өндүрүп алуучу төлөгөн мамлекеттик алым кайтарып берилет, же болбосо сотко кайрылганда өндүрүп алуучунун арызы боюнча эсепке алынат.
10010-берене. Нотариалдык буйрукту өндүрүп алуучуга берүү
1. Эгерде белгиленген мөөнөттө карызкордон нотариуска каршы пикирлер келип түшпөсө, нотариус өндүрүп алуучуга нотариустун гербдүү мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн нотариалдык буйрукту аткарууну талап кылуу үчүн берет. Өндүрүп алуучунун өтүнүчү боюнча нотариалдык буйрук нотариус тарабынан сот аткаруучуга аткаруу үчүн өндүрүп алуучунун жазуу жүзүндөгү өтүнүчүн тиркөө менен жөнөтүлүшү мүмкүн.
2. Ушул Мыйзамдын 1002-беренесинин 3-пунктунда көрсөтүлгөн талап боюнча нотариалдык буйрук өндүрүп алуучуга берилет, же болбосо анын өтүнүчү боюнча түздөн-түз ал чыгарылгандан кийин аткаруу үчүн нотариус тарабынан жөнөтүлөт.
3. Карызкордон мамлекеттин бюджетине мамлекеттик алымды өндүрүп алуу үчүн нотариус тарабынан гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүлгөн нотариалдык буйрук салык органына аткаруу үчүн жөнөтүлөт.".
7-берене.
1. Ушул Мыйзам, расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирүүчү 1-беренени, ошондой эле жашы жетпеген балдарды багууга алимент өндүрүп алуу бөлүгүндөгү 5-7-беренелерди кошпогондо, 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Эркин-Тоо мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 6-июнундагы № 41 (3697) жарыяланды
2. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин соттун буйругун берүү жөнүндө сотторго келип түшкөн арыздар Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 24-главасында каралган тартипте каралууга тийиш экендиги белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 23-апрелинде |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |