Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 2-июну № 304
2024-жылдын 8-октябрында Москва шаарында кол коюлган, 2010-жылдын 10-декабрындагы Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Адамдарды мамлекеттер аралык издөө жөнүндө келишимине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду бекитүү жөнүндө
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2024-жылдын 8-октябрында Москва шаарында кол коюлган, 2010-жылдын 10-декабрындагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Адамдарды мамлекеттер аралык издөө жөнүндө келишимине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу расмий тилде тиркелген протокол бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жогоруда аталган Протоколду ишке ашыруу үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине кабарласын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 3-июнундагы № 40 (3696) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |