Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 30-майы № 295
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-августундагы № 441 "Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандар үчүн гемодиализ кызматтарын уюштуруу жана аларды көрсөтүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 145 жана 148-беренелерин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-августундагы № 441 "Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандар үчүн гемодиализ кызматтарын уюштуруу жана аларды көрсөтүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пунктта:
- экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандар үчүн гемодиализдин бир сеансына акы төлөө ченеми Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бекитилүүчү бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандарга медициналык жардам көрсөтүү боюнча стандарттардын негизинде эсептелет жана жыл сайын республикалык бюджет жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен бекитилет;";
- үчүнчү абзацта "министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду" деген сөздөр "министрлиги" сөзгө алмаштырылсын;
2) 3-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"- менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдары менен бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандарга гемодиализ кызматтарын көрсөтүүгө келишимдерди түзүүнү камсыз кылсын;
- көрсөтүлгөн гемодиализ кызматтары үчүн өз убагында акы төлөөнү камсыз кылсын.";
3) 4-пункттун экинчи абзацында "министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна" деген сөздөр "министрлигине" сөзгө алмаштырылсын;
4) 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду көрсөтүлүүчү гемодиализ кызматтарынын сапатын контролдоону камсыз кылсын.";
5) 6-пунктта "жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду" деген сөздөр алып салынсын;
6) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандар үчүн гемодиализ кызматтарын уюштуруу жана аларды көрсөтүү тартибинде:
- 1-пунктта "базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу аткаруучу орган менен" деген сөздөр "саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2-пунктта "базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу аткаруучу органдын аймактык башкармалыктары менен" деген сөздөр "саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 5, 6, 7, 8-пункттарда "жаатындагы" деген сөз "чөйрөсүндөгү" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11. Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бюджеттик мыйзамдарга ылайык гемодиализ кызматтарын көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдарын каржылайт.";
- 12-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Келишимдин типтүү формасы саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.";
- 13-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13. Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандарга гемодиализ кызматтарын көрсөтүү үчүн саламаттык сактоо уюмдарына акы төлөө таризделген жана ырасталган документтердин негизинде саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан отчеттук мезгил (бир ай) аяктагандан кийин жети жумуш күндүн ичинде саламаттык сактоо уюмунун алыш-бериш эсебине каражаттарды которуу жолу менен жүргүзүлөт.";
- 17-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17. Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгиленген тартипте каражаттардын максаттуу багытталышына жана таризделген жана ырасталган документтер боюнча саламаттык сактоо уюмдарына өз убагында акы төлөө үчүн жоопкерчилик тартат.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |