Редакцияот 12.06.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Ак-Терек  айыл аймагынын жергиликтүү  кеӊеши

 

VIII чакырылышынын VI кезексиз сессиясы

 

 

2025-жылды21-майы  №70                                                                         

 

 

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк башкармалыгынан Ак-Терек айыл аймагынын Бар-Булак Пансионат участкасын муниципалдык менчике кабыл алуу жөнүндө

        

     

      Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк башкармалыгынан Ак-Терек айыл аймагына караштуу Бар-Булак Пансионатын Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнүн балансасына алуу жөнүндө Ак-Терек айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Зарнаев Жыргалбек Жакшылыковичдин билдирүүсүнүн негизинде, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин бюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын жана жалпы депутаттардын сунушу угулуп, талкууланып Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:

 

1.    Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк башкармалыгынан Ак-Терек айыл аймагынын Бар-Булак Пансионат участкасын муниципалдык менчике кабыл алууга макулдук берилсин.

 

   2. Бул токтом каттоого алынып Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын  

    реестрине киргизүү үчүн Ысык-Көл областтык Юстиция башкармалыгына жиберилсин.

 

  3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл айымагынын айыл   

    ѳкмѳтүнүн   башчысы  Зарнаев Жыргалбек Жакшылыковичке милдеттендирилсин.

 

 

 

 

Төраганын орун басары                                              А.А. Мамбетов