Редакцияот 12.06.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Ак-Терек  айыл аймагынын жергиликтүү  кеӊеши

 

VIII чакырылышынын VI кезексиз сессиясы

 

 

2025-жылдын 21-майы  №71                                                   

 

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун “Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар” жөнүндө №54 Жарлыгын аткарууда   Ак-Терек айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды, той-аш, маркумду узатуу иш-чараларын жѳнгѳ салуу жѳнүндѳ

 

             Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун “Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар” жөнүндө №54 Жарлыгын аткарууда  Ак-Терек айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды, той-аш, маркумду узатуу иш-чараларын жѳнгѳ салуу максатында жана жалпы депутаттардын сунушу угулуп, талкууланып Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:

 

1.     Маркумду акыркы сапарга узатууда мүмкүнчүлүгүнѳ жараша эки (бодо) баштан ашпоого  макулдук берилсин.

 

2.     Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы  Зарнаев Жыргалбек Жакшылыковичке милдеттендирилсин.

 

3.     Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининдепутаттык этика, регламент жана мандат, социалдык маселелер, жаштар, спорт, билим берүү, саламаттыкты сактоо боюнча комиссиянын төрайымы А.Кендирбаевага  тапшырылсын.

 

 

 

 

Төраганын орун басары                                                                 А.А. Мамбетов