Редакцияот 12.06.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Ак-Терек  айыл аймагынын жергиликтүү  кеӊеши

 

VIII чакырылышынын VI кезексиз сессиясы

 

 

 

2025-жылдын21-майы  №72                                                                        

 

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун “Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар” жөнүндө №54 Жарлыгын аткарууда   Ак-Терек айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды, той-аш, маркумду узатуу иш-чараларын жѳнгѳ салуу максатында Жобону ѳзгѳртүүнүн негизинде бекитүү жѳнүндѳ

 

             Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун “Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар” жөнүндө №54 Жарлыгын аткарууда  Ак-Терек айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды, той-аш, маркумду узатуу иш-чараларын жѳнгѳ салуу максатында Жобону ѳзгѳртүүнүн негизинде бекитүү жѳнүндѳ жана жалпы депутаттардын сунушу угулуп, талкууланып Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:

 

1.    Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун “Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар” жөнүндө №54 Жарлыгын аткарууда   Ак-Терек айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды, той-аш, маркумду узатуу иш-чараларын жѳнгѳ салуу максатында Жобо ѳзгѳртүүнүн негизинде 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

   2. Бул токтом каттоого алынып Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын  

        реестрине киргизүү үчүн Ысык-Көл областтык Юстиция башкармалыгына жиберилсин.

 

  3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл айымагынын айыл   

    ѳкмѳтүнүн   башчысы  Зарнаев Жыргалбек Жакшылыковичке милдеттендирилсин.

 

 

 

 

Төраганын орун басары                                                                     А.А. Мамбетов