Редакцияот 12.06.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Ак-Терек  айыл аймагынын жергиликтүү  кеӊеши

 

VIII чакырылышынын VI кезексиз сессиясы

 

 

 

2025-жылдын 21-майы  №74                                                                       

 

 

2025-жылдын бюджетинин чыгаша бѳлүгүнѳ ѳзгѳртүү киргизүү  жѳнүндѳ

        

                       Ак-Терек айыл аймагынын ѳкмѳтүнүн 2025-жылдын бюджетинин чыгаша бѳлүгүнѳ ѳзгѳртүү киргизүү  жѳнүндѳгү маселе боюнча, Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнүн социалдык экономикалык ѳнүктүрүү бѳлүмүнүн башчысы К.Абдыраевдин билдирүүсүн угуп жана Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын чечимин угуп, талкуулап Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү Кеңеши токтом кылат:

 

1.    Ак-Терек айыл өкмөтүнүн аппаратынын келишим менен иштеген жарандардын жана аксакалдар сотторунун эмгек акысына жана  соц фондуга которуусуна 2215 беренесине каралган акча каражатынан 573,0 миӊ сом акча каражаты  «Ак-Эмгек Тазалык» муниципалдык ишканасына субсидии катары которуп  берип турууга ЖКХнын 2511 беренесине жылдырылсын.

 

2.    Келишим менен иштеген жарандардын жана аксакалдар сотторунун эмгек акысын жана соц.фондуга которуусун 2025-жылдын июнь айынан баштап «Ак-Эмгек Тазалык» муниципалдык ишканасы жүргүзсүн.

 

3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнүн социалдык      экономикалык ѳнүктүрүү бѳлүмүнүн башчысы К.Абдыраевга милдеттендирилсин.

 

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын төрайымы Т.Ормуковага  тапшырылсын.

 

 

 

Төраганын орун басары                                              А.А. Мамбетов