Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 22-майы № 164
Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын аймагында миграциялык мыйзамдарды бузуу менен жүргөн чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын (статусун) жөнгө салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 70, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын миграциялык мыйзамдарын бузуу менен жүргөн чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга Кыргыз Республикасынын аймагындагы өзүнүн укуктук абалын 2025-жылдын 10-июнуна чейин мыйзамдаштыруу мүмкүндүгү берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын миграциялык мыйзамдарын бузуу менен жүргөн чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын жөнгө салуу жөнүндө убактылуу жобону белгиленген тартипте бекитсин.
3. Визасынын, жашап турууга уруксатынын колдонуу мөөнөтү өткөн же болбосо жашап турууга уруксаты жокко чыгарылган, жүргөн укугун ырастоочу документтери (каттоосу, эмгек ишин жүзөгө ашырууга уруксаты) жок же болбосо мөөнөтү өтүп кеткен мындай документтерди колдонгон, же болбосо мыйзамдуу жүргөн мөөнөтү өткөндөн кийин Кыргыз Республикасынан чыгуудан баш тарткан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында кирүүдө билдирилгенге шайкеш келбеген максатта жүргөн, Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзиттик өтүүнүн эрежелерин сактабаган чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам ушул Жарлыктын 2-пунктунда көрсөтүлгөн Убактылуу жободо аныкталган тартипте ыктыярдуу мыйзамдаштырылган учурда ал Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган жоопкерчиликтен бошотулат деп аныкталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын миграциялык мыйзамдарын бузуу менен жүргөн чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзсүн.
5. Тышкы миграция жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар ушул Жарлыкты ишке ашыруу боюнча, анын ичинде маалыматтык-түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүү боюнча бардык чараларды көрсүн.
6. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 23-майындагы № 37 (3693) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |