Загрузка документа…
БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Кайынды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын III сессиясы
2025-жылдын 3-февралы №3/1
Баш-Кайыңды айыл өкмөтүндөгу муниципалдык ишкананын 2024-жыл ичинде аткарган иштери боюнча маалыматы жөнүндө
“Баш-Кайыңды” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Б.Молдоевдин маалыматын угуп жана талкуулап Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын III сессиясы токтом кылат :
1. Муниципалдык ишкананын 2024-жыл ичинде аткарган иштери боюнча ишкананын жетекчиси Б.Молдоевдин маалыматы эске алынсын.
2. Муниципалдык ишкана элге кызмат көрсөтүүдө,коомдук жумуштарды аткарууда,тарифтерди чогултууда бир катар жакшы иштерди алып баргандыгы белгиленсин.
3. Айыл аймактагы ар бир айылдар боюнча ички жана сырткы жайыттардын ээлеп турган аянттары, айылдар боюнча жайыт акылардын чогулушу боюнча айылдык кеңештин депутаттарына маалымат берилсин.
4. Элге кызмат көрсөтүүдөгү тарифтердин кымбаттыгы,аткарылган иштер боюнча квитанция берилбегендиги айыл тургундары тарабынан белгиленген,тарифтерди кайра карап чыгып сессиянын кароосуна алып чыгуу,элге кызмат көрсөтүүдө ККМ аппаратына өтүү сунушталсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы муниципалдык ишкананын жетекчиси Б.Молдоевге тапшырылсын.
6. Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңештин катчысы А.Чукулуковго тапшырылсын.
Төрага | А.Бокоев |