Загрузка документа…
БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Кайынды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын III сессиясы
2025-жылдын 3-февралы №3/2
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинин отчетун угуу жана 2025-жылдын бюджетин, 2026-2027-жылдарга болжолдуу сметалык планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык, Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Дайыргазы уулу Нурландын баяндамасын угуп жана талкуулап Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025 -жылдын бюджети киреше жана чыгаша бөлүгү сметанын негизинде, айлык акылар 2025-жыл үчүн түзүлгөн тарификациянын негизинде жалпы суммасы 38695,0 миң сом менен бекитилсин.
КИРЕШЕ БӨЛҮГҮ
- тендештирилген грант - 22234,5 миң сом, жергиликтүү киреше – 14610,5 миң сом, атайын каражат-1850,0 миң сом. Баары: - 38695,0 миң сом
ЧЫГАША БӨЛҮГҮ
– аппаратка -26827,3 миң сом, маданиятка -3686,0 миң сом, билим беүүгө - 4431,7 миң сом, атайын каражат- 1850,0 миң сом, экономикалык маселелер - 1900,0 миң сом,
Баары:- 38695,0 миң сом .
2. Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылда бюджетинин аткарылышы канааттандырарлык деп табылсын.
3. 2026-2027-жылдарга болжолдуу сметалык план төмөндөгүчө бекитилсин:
№ | Киреше түрү | 2025-жыл | 2026-жыл |
1 | Теңдештирилген грант | 22234,5 | 22234,5 |
2 | Жергиликтүү киреше | 16544,7 | 17849,7 |
4. Жергиликтүү салыктын түрлөрү боюнча акча каражаттын чогулушу жана төгүлүшү
айыл өкмөтүнүн салык кызматкери Мускаев Нурланга тапшырылсын.
5. Айыл өкмөтунүн эсебиндеги акча каражаттар бекитилген сметага ылайык казына бөлүмү аркылуу түз чыгымдалсын жана аны көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн экономикалык- социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Н. Дайыргазы уулуна жүктөлсүн.
6. Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жооптуу катчы А. Чукулуковго милдеттендирилсин.
Төрага | А.Бокоев |