Загрузка документа…
БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Кайынды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын III сессиясы
2025-жылдын 3-февралы №3/4
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл кенешинин 2025-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы А.Чукулуковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин III сессиясы токтом кылат :
1. Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылга карата иш планы бекитилсин.
2. Бул иш пландын аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы А.Чукулуковго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жооптуу катчы А.Чукулуковго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Бокоев |