Загрузка документа…
БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Кайынды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын III сессиясы
2025-жылдын 3-февралы №3/5
Муниципалдык мүлктү эсептен чыгаруу боюнча Жобосун бекитүү жөнүндө
Баш-Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Иса уулунун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин III сессиясы токтом кылат :
1. Муниципалдык мүлктү эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө Жобо бекитилсин.
2. Жобо боюнча иш алып баруу жана бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Иса уулуна милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жооптуу катчы А.Чукулуковго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Бокоев |