Загрузка документа…
БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Кайынды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын III сессиясы
2025-жылдын 3-февралы №3/6
Баш-Кайыңды айыл өкмөтүнүн эсебиндеги 18 37 NA номерлүү Нива автомашинасын айылдык кеңешке кызматтык пайдалануу үчүн өткөрүп берүү жөнүндө
Баш-Кайыңды айыл өкмөтүнүн юристи А.Акылбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин III сессиясы токтом кылат :
1. Баш-Кайыңды айыл өкмөтүнүн эсебинде турган 18 37 NA номерлүү Нива автомашинасы айылдык кеңешке кызматтык пайдалануу үчүн өткөрүлүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Иса уулуна милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап, ченемдик
укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жооптуу катчы
А.Чукулуковго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Бокоев |