Загрузка документа…
БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Кайынды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын I сессиясы
2024-жылдын 28-ноябры №1/1
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө
Эсептөө комиссиясынын 28.11.2024-жылдагы №3-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56 буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эсептөө комиссиясынын айылдык кеңештин төрагасын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын 28-ноябрындагы №3-протоколу бекитилсин.
2. Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасы болуп Бокоев Абдылдабек Сейтакунович шайлангандыгы таанылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
4. Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап, ченемдик
укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жооптуу катчы
А.Чукулуковго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Бокоев |