Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 9-июну № 112
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 11-октябры, № 104) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
8-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана Министрлер Кабинетинин башка мүчөсүнүн кызмат орундарын жогорку билимге ээ, мамлекеттик жана (же) муниципалдык кызматтарда жалпысынан 7 жылдан кем эмес иш стажы бар, анын ичинде жетекчи кызмат орундарында 5 жыл, ошондой эле 10 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар адамдар ээлей алат.
Аткаруу бийлигинин башка органынын жетекчисинин кызмат ордун жогорку билимге ээ, мамлекеттик жана (же) муниципалдык кызматтарда жалпысынан 5 жылдан кем эмес иш стажы бар, анын ичинде жетекчи кызмат орундарында 3 жыл, ошондой эле 7 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар адамдар ээлей алат.".
2-берене.
Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 4-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |