Редакцияот 13.06.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Ак-Терек  айыл аймагынын жергиликтүү  кеӊеши

 

VIII чакырылышынын VI кезексиз сессиясы

 

 

 

2025-жылдын 21-майы  №76                                                                

 

 

2025-жылдын бюджетинин чыгаша бѳлүгүнѳ ѳзгѳртүү киргизүү  жѳнүндѳ

        

                       Ак-Терек айыл аймагынын ѳкмѳтүнүн 2025-жылдын бюджетинин чыгаша бѳлүгүнѳ ѳзгѳртүү киргизүү  жѳнүндѳгү маселе боюнча, Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнүн социалдык экономикалык ѳнүктүрүү бѳлүмүнүн башчысы К.Абдыраевдин билдирүүсүн угуп жана Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын чечимин угуп, талкуулап Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү Кеңеши токтом кылат:

 

1.    Бала бакчалардын 3112 беренесине каралган 1928,3 миң сом акча каражатынан                       400,0 миң сом акча каражатын бала бакчалардын 2222 беренесине жылдырылсын.

 

2.    Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнүн социалдык     экономикалык ѳнүктүрүү бѳлүмүнүн башчысы К.Абдыраевга милдеттендирилсин.

 

3.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын төрайымы Т.Ормуковага  тапшырылсын.

 

 

 

Төраганын орун басары                                               А.А. Мамбетов