Редакцияот 13.06.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Ак-Терек  айыл аймагынын жергиликтүү  кеӊеши

 

VIII чакырылышынын VI кезексиз сессиясы

 

 

 

2025-жылдын 21-майы  №78                                                                      

 

 

Жер участокторун которуу (трансформациялоо) боюнча сунуштама киргизүү жөнүндө

 

    Ак-Терек айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Ж.Ж.Зарнаевдин кайрылуусунун негизинде, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин  муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча  туруктуу комиссиясынын,Ак-Терек айыл аймагынын Кызыл-Туу айылындагы “Кара-Сай” участкасынан код №290, №292, №316, №312, №304, №305, №323  контурунда жайгашкан 3,00 га жер аянтына  Балыкчы, Барскоон авто жолуу салынуубоюнча, жер аянтын “Жайыт жерлерден” башка категорияга, б.а. “Ѳнөр-жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) боюнча Тоӊ райондук мамлекеттик администрациясына сунуштоо берүүгө макулдук берүү жөнүндө сунушун угуп, талкуулап  Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:

                                                                     

1.     Ак-Терек айыл аймагынын Кызыл-Туу айылындагы “Кара-Сай” участкасынан код №290, №292, №316, №312, №304, №305, №323  контурунда жайгашкан 3,00 га  жер аянтын “Жайыт жерлерден” башка категорияга, б.а. “Ѳнөр-жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) боюнча Тоӊ райондук мамлекеттик администрациясына сунуштоо берүүгө макулдук берилсин.

 

2.    Токтомду аткаруу жагы Ак-Терек айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы                               Ж.Ж. Зарнаевге жүктөлсүн.

 

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин  муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча  туруктуу комиссиянын төрайымы Г.Ж.Сугатчиевага милдеттендирилсин.

 

 

 

Төраганын орун басары                                                А.А. Мамбетов