Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын кезектеги
2-сессиясы
2025-жылдын 20-январы № 6
Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн долбоорун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы №59 Бюджеттик Кодексинин 102-117-беренелерине ылайык жана финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн долбоорун бекитүү боюнча сунуштарын талкуулап, Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн долбоору 21830,1 миң сомго жана 2025-жылдын чыгаша бөлүгүнүн долбоору 21830,1 миң сомго бекитилсин.
2. Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-2026-2027-жылдарга бюджетинин негизги параметрлеринин болжолу жактырылсын.
3. 2025-жылга чегерүүлөрдүн чечимдери төмөнкүлөрдөн белгиленсин.
а).жалпы мамлекеттик салыктын түшүүлөрдөн салык агенттиги тарабынан төлөнүүчү киреше салыгы айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине 70 пайыз өлчөмүндө:
б).ыктярдуу патент негизиндеги салык, милдеттү патенттөө негизиндеги салык, бирдиктүү салык айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине100 пайыз өлчөмүндө:
в).жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салык (роялти), стратегиялык пайдалуу кендерди (алтын, мунай зат. газ) кошпогондо кендерди иштеп чыгуу жери боюнча айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине 50 пайыз өлчөмүндө:
г). Жер казынасын пайдалануу укугун берүү үчүн жыйым, айыл аймагынын бюджетине пайыз өлчөмүндө:
д).жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүү-кендерди иштеп чыгуу жери боюнча айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине пайыз өлчөмүндө:
4. Жергиликтүү салыктардан жана салыктык эмес жыйымдардан түшүүчү жергиликтүү бюджеттердин кирешелери башка деңгээлдеги бюджетке алынууга жатпасын.
5. Мыйзамдарда каралган ыйгарым укуктардын чектеринде, жер салыгы боюнча базалык ставкаларды же коэффициенттерди жогорулатуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечимдерди кабыл алуунун эсебинен жергиликтүү бюджеттердин кирешесин көбөйтүүсү 2019-жылдын 28-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган Мыйзам менен 2025-2026-2027-жылдарга теңөөчү гранттардын өлчөмдөрү айыл өкмөтүнүн чарбалык иштерине жараша өзгөртүлө тургандыгы белгиленсин.
6. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервтик фондунун өлчөмү тиешелүү жергиликтүү бюджеттин чыгашаларынын 1 пайызынан ашык эмес өлчөмүндө бекитилсин.
7. Айыл өкмөтүнө 2025-2026-2027-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоо биринчи кезекте корголгон беренелерге (эмгек акы, социалдык фондго чегерүү, тамак-аш, дары-дармек жана медициналык камсыздандырууга чегерүү) коммуналдык кызматтарга (элктр энергия, көмүр, суу) жумшалсын.
8. Салам-Алик айыл аймагы тоолуу, шарты катаал, табигый кырсыктар коркунучу бар жерде жайгашкандыктан, табийгат кырсыктарын алдын алууга коркунучу бар жерде жайгашкандыктан табийгат кырсыктарын алдын алууга, калктын аярлуу катмарына, майыптарга, аз камсыз болгон үй бүлөлөргө, социалдык ооруларга жана башка социалдык маселелерди чечүүгө, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине, энелер күнүнө, согуш мезгилинде тылда кызмат кылгандарга, Баатыр энелерге, Ооганчыларга, Баткен коогалыңынын катышуучуларына жардам берүү үчүн акча каражаттары каралсын.
9. Айылдык кеңештин иш аракеттерин иш кагаздарын жүргүзүү (токтомдорду маалымат каражаттарына жарыялоо, интернет байланышына ж.б.) үчүн акча каражаты каралсын.
10. Айыл өкмөтүнүн инфраструктурасын өнүктүрүү максатында жазылган долбоорлорду ишке ашырууга багытталган иш-чараларга жана өздүк салымдарды кошууга керектелген каражаттарды каржылоо айыл өкмөтүнүн бюджетинен каржыланаары белгиленсин.
11. Айыл өкмөтүнүн штаттык бирдигинен сырткары убактылуу келишимдик негизде иштеген кызматчылардын эмгек акыларын төлөп берүү жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлсүн..
12. Бала-бакчалардагы балдардын тамак-ашы үчүн ата-энелерден чогултулуучу ата-энелик төлөмдүн тарифи 1200 (бир миң эки жүз) сомго бектилсин.
13. Токтом кабыл алынып бекитилген күндөн тартып күчүнө кирет.
14. Токомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Чолпонбай уулу Сагындык |