Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын кезектеги
2-сессиясы
2025-жылдын 20-январы № 7
Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 1-январына калган жергиликтүү бюджетинен калган калдык акча каражатын 2025-жылы айыл өкмөтүнүн көйгөйлүү маселелерин чечүүгө жумшоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы № 59 Бюджеттик Кодексинин 102-жана 117-беренелерине ылайык жана айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралган 2025-жылдын 1-январына калган жергиликтүү бюджетинен калган калдык акча каражатын 2025-жыл үчүн айыл өкмөтүнүн көйгөйлүү маселелерин чечүүгө жумшоо боюнча сунуштарын талкуулап жана Салам-Алик айыл өкмөтүнүн Ф.Э.Б. башчысы Ж.Нуралиевтин маалыматын угуп Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 1-январына калган бюджеттен 1396100 (бир миллион үч жүз токсон алты миң бир жүз) сом жана атайын каражаттан 165700 (бир жүз алтымыш беш миң жети жүз) сом акча каражаты калдык болуп өткөндүгү белгиленсин.
2. Бул токтомдон келип чыккан иш-аракеттерди камсыз кылып, аткарууга жана көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Ж.Нуралиевке тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Чолпонбай уулу Сагындык |