Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын кезектеги
2-сессиясы
2025-жылдын 20-январы № 8
Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын функцияларын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 32-беренесине ылайык Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
А). Туруктуу комиссиялардын функциялары бекитилсин (кашанын ичиндеги);
1. Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн багыттарын аныктоо жана инвестиция тармактары боюнча туруктуу комиссия; (Финансы экономикалык жактан бардык маселелер, салыктардын бардык түрлөрү, кирешелер жана чыгашалар, салыктык эмес төлөмдөр, транспорт, байланыш тармактары боюнча көзөмөлдөйт. Эң негизги функциясы бюджеттин жолдорун издеп таап, жол жобосун иштеп чыгат).
2. Билим берүү, маданият, жаштар уюму, спорт, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер, дин иштери боюнча туруктуу комиссия; (билим берүү, маданият, жаштар, спорт жана саламаттыкка тиешелүү бардык компоненттерди, социалдык маселелерди иликтеп, көзөмөлдөп, тойлордо, маркумду узатууда ыксыз чыгымдарды жоюнун үстүндө иштеп, аларды кыскартуунун , жакшыртуунун жол жоболорун иштеп чыгат).
3. Айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, таранспорт, байланыш жана энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссия; (Аймактагы суу, мал чарба, жер, токой, экология. Өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары, жана башка тиешелүү бардык маселелерди иликтеп, көзөмөлдөп, аларды жакшыртуунун жолдорун иштеп чыгат).
4. Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу, мандат жана депутаттык этика тармактары боюнча туруктуу комиссия; (мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бардык түзүмдөрүнүн ишмердүүлүгү, мандат жана этика боюнча бардык маселелерди көзөмөлдөп, депутаттык жолугуушуларды уюштуруунун, аларды жакшыртуунун жолдорун иштеп чыгат).
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы регламент, мыйзамдуулук , укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу, мандат жана депутаттык этика тармактары боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага |
| Чолпонбай уулу Сагындык |