Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын кезектеги
2-сессиясы
2025-жылдын 20-январы № 10
Салам-Алик айылынын тургуну Асилбеков Абибуланын жеке менчик турак- жай участкасынын ээлеген жер тилкесинин ичинен 0,02га жеринин максаттык багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Салам-Алик айылынын тургуну Асилбеков Абибуланын жеке менчик турак-жай участкасынын ээлеген жер тилкесинин ичинен 0,02га жеринин максаттык багытын өзгөртүүгө макулдук берүү үчүн 2025-жылдын 11-январда жазган арызын карап жана жалпы депутаттардын макулдугунун негизинде Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Салам-Алик айылынын тургуну Асилбеков Абибуланын “Кадастр” мамлекеттик мекемеси тарабынан 2011-жылы 18-март айынын № 2011/4118-сандуу каттоосу менен берилген жеке турак жай багытындагы идент. коду; № 5-06-16-1001-0397 номериндеги турак-жай үйүнүн ээлеген жер тилкесинин ичинен 0,02га. жер аянтынын багытын элдерди тейлөө үчүн дүкөн курууга өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2.Суралсын Өзгөн районунун шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынан тийиштүү документтерди даярдап берүү жагы.
3.Бул токтомдон келип чыккан иш аракеттердин аткарылышын камсыз кылуу жагы Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер, турак-жай жана жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси Ж.Нуралиевке тапшырылсын.
4.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңешинин суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Чолпонбай уулу Сагындык |