Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын кезектеги
2-сессиясы
2025-жылдын 20-январы № 11
Кара-Дөбө участкасындагы Жазы дарыясынын суусуна кичи Г.Э.С. куруу үчүн берилген жер тилкесин которууга (трансформациялоо) макулдук берүү жөнүндө
Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү максатында кичи ГЭС куруу үчүн “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-жана 34-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13- жана 82-беренелеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169-сандуу токтомунун, Кыргыз Республикасынын “Кайра жаралуучу булактары жөнүндөгү” 2022-жылдын 30-июнундагы № 489-Мыйзамына ылайык, айыл өкмөтүнүн айыл чарбасы боюнча адис Ж. Нуралиевтин маалыматын угуп жана талкуулап Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Дөбө участкасындагы Жазы дарыясынын суусунун жээгинен кубаттуулугу 3МВТ кичи Г.Э.С. куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан 2га. жерди “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка жерлери” категориясына которууга, трансформациялоого макулдук берилсин.
2. Ушул жогорудагы токтомду бекитип берүү жагы Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Токтомду аткарууга алуу жана тиешелүү иш кагаздарын мыйзам талаптарына ылайык даярдоо жагы Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер, турак-жай жана жерге жайгаштыруу боюнча адиси Ж.Нуралиевке милдеттендирилсин.
4. Токтомду аткарууну көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңешинин экология, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, транспорт, энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Чолпонбай уулу Сагындык |