Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын кезектеги
2-сессиясы
2025-жылдын 20-январы № 15
Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Салам-Алик айылындагы №32 Р.Сатыбалды уулу атындагы орто мектебинин спорт аянтына дене тарбия шаймандарын сатып алуу үчүн Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунан акча каражатын бөлдүрүү жөнүндө
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Салам-Алик айылындагы №32 Р.Сатыбалды уулу атындагы орто мектебинин спорт аянтына дене тарбия шаймандарын сатып алуу үчүн Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунан акча каражатын бөлдүрүү жөнүндө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы С.Абдыкадыровтун маалыматын угуп, Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Салам-Алик айылындагы №32 Р.Сатыбалды уулу атындагы орто мектебинин спорт аянтына дене тарбия шаймандарын Өзгөн райондук өнүктүрүү фонд аркылуу сатып алууга макулдук берилсин.
2.Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Салам-Алик айылындагы №32 Р.Сатыбалды уулу атындагы орто мектебинин спорт аянтына дене тарбия шаймандарын сатып алуу үчүн Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунан 200240 (эки жүз миң эки жүз кырк) сом акча каражатын бөлүп берүү жагы суралсын.
3. Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн акча каражатын максаттуу пайдалануу жагы Ф.Э.Б. башчысы Ж.Нуралиевке жүктөлсүн.
4. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Чолпонбай уулу Сагындык |