Загрузка документа…
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 10-июну № 114
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) V бөлүмдүн аталышы "саламаттык сактоо," деген сөздөрдөн кийин "билим берүү," деген сөздөр менен толукталсын;
2) 741-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 15-главада:
а) аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "15-глава. Билим берүү, адеп-ахлакты жана тарыхый-маданий мурасты коргоо, тилдер жөнүндө мыйзамдар чөйрөлөрүндөгү башкаруу тартибине каршы бузуулар";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 1022, 1023, 1024-беренелер менен толукталсын:
"1022-берене. Билим алуу укугун жана билим берүү уюмдарынын билим алуучуларынын билим берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган укуктарын жана эркиндиктерин бузуу же мыйзамсыз чектөө
1. Жалпыга жеткиликтүү жана акысыз билим алуу укугун бузуу же мыйзамсыз чектөө, ошондой эле билим берүү уюмдарынын билим алуучуларынын билим берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган укуктарын жана эркиндиктерин сактабоо же мыйзамсыз чектөө же болбосо көрсөтүлгөн укуктарды жана эркиндиктерди ишке ашыруунун белгиленген тартибин бузуу -
эскертүүгө алып келет.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган жосундар эскертүү берилгенден кийин бир айдын ичинде жоюлбаган же болбосо алты айдын ичинде кайталап жасалган учурда -
жеке жактарга жана кызмат адамдарына 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
1023-берене. Мамлекеттик, муниципалдык мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарына балдарды кабыл алуудан негизсиз баш тартуу
1. Балдарды мектепке чейинки билим берүү уюмдарына кабыл алуу боюнча маалымат системасында киргизүүгө баланын кезеги келген учурда баланы, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү баланы мамлекеттик же муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмуна кабыл алуудан негизсиз баш тартуу -
жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, кызмат адамдарына 150 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Балдарды жалпы билим берүү уюмдарына кабыл алуу боюнча маалымат системасы боюнча баланы киргизүү аркылуу мектеп жашына жеткен баланы, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү баланы мамлекеттик же муниципалдык жалпы билим берүү уюмуна кабыл алуудан негизсиз баш тартуу -
жеке жактарга 120 эсептик көрсөткүч, кызмат адамдарына 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
1024-берене. Мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарында акча каражаттарын мыйзамсыз чогултуу жана психологиялык кысым көрсөтүү
1. Мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарынын педагогикалык жана башка кызматкерлери, ата-энелер, коомдук фонддордун жана башка уюмдардын жетекчилери, ошондой эле башка адамдар тарабынан мыйзамдарда каралбаган акча каражаттарын мыйзамсыз чогултуу же болбосо билим алуучуларга жана алардын ата-энелерине (аларды алмаштырган адамдарга) алар тарабынан психологиялык кысым көрсөтүү -
жеке жактарга 150 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган жосундар коомдук фонд жана башка уюмдар же алардын мүчөлөрү тарабынан жасалса -
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
3. Мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери тарабынан педагогикалык жана башка кызматкерлерге карата аларды акча каражаттарын мыйзамсыз чогултууга мажбурлоо максатында психологиялык кысым көрсөтүү -
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.";
4) 456-берененин биринчи абзацында:
а) "741" деген цифралар алып салынсын;
б) "1021," деген цифралардан кийин "1022 - 1024," деген цифралар менен толукталсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 13-июнундагы № 43 (3699) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 30-апрелинде |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |