Загрузка документа…
АЛА-БУГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылыштагы депутаттардын кезектүү IV cессиясы
2025-жылдын 13-мартындагы № 4/1
Ала-Буга айыл аймагындагы инвентаризациядан өткөн арык каналдарды муниципалдык менчиктен мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги “Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө”№ 207 токтомунун негизинде, Ала-Буга айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги “Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө”№ 207 токтомунун негизинде инвентаризация аркылуу такталган төмөндөгү арык каналдар Ала-Буга айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алынсын.
- Кош-Дөбө айылына тиешелүү “БСР Ой-Беде” каналдары 33,4 км
- Чолок-Кайыӊ Жерге-Тал айылына тиешелүү “БСР Карды-Жарык” каналдары 43,5 км
- Жерге-Тал айылына тиешелүү “БСР Май-Булак”
- Коӊорчок айылына тиешелүү каналдары 22,4 км
Баары-99,3 км арык каналдар
- Кош-Дөбө айылына тиешелүү “БСР Ой-Беде” сыйымдуулугу 0,087 млн м3
-Чолок-Кайың айылына тиешелүү “БСР Карды-Жарык” сыйымдуулугу 0,147 млн м3
-Жерге-Тал айылына тиешелүү “БСР Май-Булак” сыйымдуулугу 0,055 млн м3
2. Ала-Буга айыл аймагындагы Кош-Дөбө айылына тиешелүү 33,4 км арык каналдарга,Жерге-Тал,Чолок-Кайың айылына тиешелүү 43,5 жана Коңорчок айылына тиешелүү 22,4 км арык каналдарга баалоо жүргүзүү,жалпы 101 км арык каналдардын,3 БСР документтери менен камсыздоожагы Ала-Буга айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Тийиштүү мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин Ала-Буга айыл аймагындагы Кош-Дөбө,Жерге-Тал,Чолок-Кайың,Коңорчок айылдарына тиешелүү жалпы 101 км арык каналдар Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин Ак-Талаа райондук суу чарба башкармалыгынын менчигине өткөрүлүп берилсин.
4. Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ала-Буга айыл өкмөтүнүн башчысы У.Нуралиевге милдеттендирилсин.
Тѳрага: | Бактыбай уулу Кубанычбек |