Загрузка документа…
ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезектеги V-сессиясы
2025-жылдын 26-марты № 22
Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн жер ресурстары жана өсүмдүк өстүрүү боюнча жетектөөчү адисинин 2024-жыл ичиндеги аткарган иштеринин жыйынтыгы жөнүндө
Ийри-Суу айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезектеги V-сессиясынын күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн жер ресурстары жана өсүмдүк өстүрүү боюнча жетектөөчү адисинин 2024-жыл ичиндеги аткарган иштеринин жыйынтык отчётун угуп жана жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат
1.Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн жер ресурстары жана өсүмдүк өстүрүү боюнча жетектөөчү адисинин 2024-жылдагы аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2.Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн жер ресурстары жана өсүмдүк өстүрүү боюнча жетектөөчү адиси Дарбагаев Мухамметке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл-чарба, жайыт, жеке менчик турак-жай үй куруу, жер участокторун бөлүү, КБФнун жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы З. Мисиралиевке жүктөлсүн.
Төрага |
| С. Курманбеков |