Редакцияот 09.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Баткен шаардык Кеӊешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы

 

2025-жылдын 9-апрели  № 41

 “Баткен шаарынын аймагындагы, Дөгмөн жайлоосунун Дөгмөн дарыясынын жээгинин  тиешелүү бөлүгүнө кичи ГЭС куруу үчүн жер аянтын бөлүп    берүүгө макулдук берүү жөнүндө”  2025-жылдын 28-январдагы  №10 токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү  мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы  №123 Мыйзамынын 27-беренесинин 1-пунктуна  жана   Баткен шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, суугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу  комиссиянын 2025-жылдын   27-мартындагы  корутундусу, Баткен шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 30-марттагы  №С-171 катына ылайык Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги      V  сессиясы Токтом кылат:

 

1.Баткен шаарынын аймагындагы, Дөгмөн жайлоосунун Дөгмөн дарыясынын жээгинин  тиешелүү бөлүгүнө кичи ГЭС куруу үчүн  мурда берилген 0,23га жерге кошумча 0,30 га жер аянтын  берүүгө макулдук берилсин.

2.Кичи ГЭС куруу үчүн   долбоорду жеңүүчү тарап менен   келишимди түзүү  жана тиешелүү иш кагаздарын жасоо жагы  шаар мэриясына /Т.Абыкеев/ тапшырылсын.

-түзүлгөн келишимге жыл сайын шаардын инфраструктурасын колдоо үчүн социалдык иш чараларды  киргизүү жана социалдык буюртманы ишке ашыруу 3 жылдык мөөнөткө белгилөө  жагы сунушталсын.

3.Токтом шаар калкына   шаардык Кеңештин  расмий сайты аркылуу жеткирилсин.

4.Токтом мамлекеттик каттоого киргизилүү  үчүн Баткен облустук юстиция башкармалыгына  жиберилсин.

5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары А.Таштанов/  тапшырылсын.

 

 

Төрага

 А.Аширов