Загрузка документа…
ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезектеги V-сессиясы
2025-жылдын 26-марты № 23
Ийри-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы КБФнун ижарага берилүүчү жерлеринин ижара акысын бекитүү жөнүндө
Ийри-Суу айылдык кеңешинин (VIII -чакырылышынын) кезектеги V - сессиясы күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн КБФнун жерлерине ижара акы төлөмдөрүн бекитүү жөнүндө маселени карап жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат
1.Ижарага берилүүчү КБФнун жерлери юридикалык төлөмдөрүнөн жана соцфондунан сырткары 1 га жер (айдоо, чөп ормо) Чоң-Кыяга чейин 2500 ( эки мин беш жүз ) сом, Чоң-Кыядан Алехунга чейин 1 га жерге (айдоо, чөп ормо) 1500 ( бир миң беш жүз ) сомдон, Алехун жана Чечен участкалары 1 га жерге (айдоо, чөп ормо) 1000 ( миң ) сомдон ижара акысы чегерилсин.
2.Бир кожолукка КБФнун жери 3 га дан ашпоого тийиш.
3.Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн жер ресурстары жана өсүмдүк өстүрүү боюнча жетектөөчү адиси Дарбагаев Мухамметке милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл-чарба, жайыт, жеке менчик турак-жай үй куруу, жер участокторун бөлүү, КБФнун жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы З. Мисиралиевке жүктөлсүн.
Төрага |
| С. Курманбеков |