Редакцияот 09.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Баткен шаардык Кеӊешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы

 

2025-жылдын 9-апрели  № 44

Баткен шаарынын карамагындагы Дөгмөн жайлоосунун “Ормузан-3” участкасынан  “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасына 3,20 га жер аянтын убактылуу көмүр таштандыга пайдаланууга берүүгө макулдук берүү   жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрдагы “Жергиликтүү мамлекеттик администарция жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын  27-беренесинин  2-пунктчасы, 34-беренесинин 1-пунктун,  5-пунктчасына,   Баткен шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 18-мартындагы №01-12/1257 катынын,  Баткен шаардык Кеңешинин  Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын 2025-жылдын 30-мартындагы  корутундусунун  негизинде Баткен шаардык Кеңешинин          VIII чакырылышынын кезектеги  V сессиясы Токтом кылат:

 

1.Баткен шаарынын карамагындагы Дөгмөн жайлоосунун “Ормузан-3” участкасынан “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасына №242, №243 контурундагы     3,20 га жер аянтын  убактылуу көмүр таштандыга  пайдаланууга  макулдук берилсин.

       2. Жер аянтына тиешелүү иш кагаздарын жүргүзүү  жагы Баткен шаарынын мэриясына /Т.Абыкеевге/  тапшырылсын.

3.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.

4.Токтом мамлекеттик реестрине киргизүү  үчүн  Баткен облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссияга /Б.Козубаев/ тапшырылсын.

 

 

 

Төрага

 А.Аширов