Редакцияот 13.06.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

Ак-Терек  айыл аймагынын жергиликтүү  кеӊеши

 

VIII чакырылышынын VI кезексиз сессиясы

 

 

 

2025-жылдын 21-майы  №81                                                                        

 

 

Кѳл-Тѳр айылындагы “Кара-Кѳл” участкасында ѳздѳштүрүп алынган мамлекеттик акт №2-04-03-00-008-3 0,45 га жер аянтын ѳз ыктыяры менен социалдык муктаждык үчүн ѳткѳрүп берүү жѳнүндѳ

 

 

    Кѳл-Тѳр айылынын тургуну Тѳлѳгѳнов Кубанычбектен кайрылуусунун негизинде, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин  муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча  туруктуу комиссиясынынсунушун угуп жана талкуулап, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:   

                                                                     

1. Кѳл-Тѳр айылындагы “Кара-Кѳл” участкасында ѳздѳштүрүп алынган мамлекеттик акт №2-04-03-00-008-3 0,45 га жер аянтын ѳз ыктыяры менен социалдык муктаждык үчүн ѳткѳрүп берүүгѳ макулдук берилсин.

2. Токтомду  аткаруу жагы Ак-Терек айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы                              Ж.Ж. Зарнаевге жүктөлсүн.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү     кеңешинин муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Г.Ж.Сугатчиевага милдеттендирилсин.

 

 

 

 Төраганын орун басары                                                                      А.А. Мамбетов